Самаган Мырзаибраимов: Динди билүү, диндүү жашоо ɵзүнчɵ маселе, ал эми диний билим берүү ɵзүнчɵ маселе

Диний билим берүү дегенде биринчи кезекте билим берүү тармагынын темасы экендигин түшүнүшүбүз керек. Динди билүү, диндүү жашоо ɵзүнчɵ маселе, ал эми диний билим берүү ɵзүнчɵ маселе. Ошондуктан биз диний билимди Кыргызстандагы жана дүйнɵдɵгү  билим берүү стандарттарына ылайыкташтырып түзүшүбүз керек.

Бул эки фактор аркылуу далилденет. Биринчиден, билим берүүнүн ɵзүнүн усулдары бар: кайсыл куракта кайсыл темалар таасирдүү болот, кандайча изилденип окутулуш керек. Бул билим берүү тармагынын темасы. Ошондуктан муну билим берүү тармагынын маселеси катары караганыбыз туура болот. Экинчиси, эмне үчүн биз Кыргызстандагы жана эл аралык стандарттарга ылайыкташыбыз керек? Себеби диний билим берүү дегенде дин тармагындагы адистерди чыгарууну максат кылышыбыз керек.

Бул жерде дагы эки маселе бар. Биринчиден, программалоо, системалуу диний билим берүү жана кыска мɵɵнɵттɵгү диний маданияттуулукту же диний сабаттуулукту жоюу максатында түзүлгɵн диний курстарды эске алганыбыз туура. Мен курстар, семинарлар жɵнүндɵ сɵз кылган жокмун. Системалуу диний билим берүү жɵнүндɵ айтып жатам.

Бул  системдүү диний билим берүүдɵгү максат жɵн гана бир адамдын динге болгон маалыматын жогорулатып коюу эмес, дин жаатында адистерди чыгаруу максатында диний билим берүү уюштурулат. Ал эми дин жаатында адистерди чыгара турган болсок, алардын бир тепкичти бүткɵндɵн кийин ошол тармакта же башка тармакта экинчи тепкичке жогорулап ɵтүү мүмкүнчүлүгү болушу керек.

Бул мамлекеттик жана эл аралык стандарттарды сактоо менен гана болот. Мисалы колледж бүтүргɵн жарандын бакалавриатка тапшыруу укугу болушу зарыл. Аны бүтүргɵн студенттин магистратурага тапшыруу укугу болсун. Магистратураны бүтүргɵндөрдүн докторантураны улантып кетүүгө мүмкүнчүлүгү болушу керек.

Ошол эле мезгилде Кыргызстанда кайсыл бир диний окуу жайды бүткɵн бүтүрүүчү өз диплому менен башка ɵлкɵлɵрдɵгү диний жана башка окуу жайларга тапшыруу мүмкүнчүлүгүн дагы камсыз кылсак жакшы болмок. Биз бүгүнкү күндүн шартында каалайбызбы, каалабайбызбы диний билим берүүнү мамлекеттик жана эл аралык стандарттарга ылайыкташтырганга мажбурбуз.

Бүгүнкү күндө мындай маселелер бар: медресе деп атайлы же болбосо колледж деп атайлы, ал маанилүү эмес, ичиндеги программасы маанилүү. Аны бүткɵн бүтүрүүчүлɵрдүн дээрлик бардыгы мамлекеттик үлгүдɵгү дипломго ээ болбой жатышат. Мындай окуу жайларга диплом берилсе жакшы болмок. Диплом алуу мындай окуу жайларды мамлекеттин билим берүү мыйзамына ылайыкташтырышыбыз керек.

Эки-үч светтик сабакты кошуп коюу менен же болбосо ширетүүчү, жыгач уста деген сабактарды окутуу менен кандайдыр бир деңгээлде заманбап шарттарга ылайыкташтырдык деп айтуубуз туура эмес. Себеби медресени же болбосо кесиптик колледжди бүткɵн жаран ошол кесипти аркалап, ошол кесип менен ɵзүнүн тиричилигин кыла турган бир максатты кɵздɵшүбүз керек.

Бирок биз баланын кесиптик жана илимий келечегин аныктай албагандыгын мойнубузга алганыбыз үчүн, ал жанын баксын деп кошумча сабак окутуп жатабыз. Албетте, бул жакшы. Бирок негизги максатыбыз, диний билим берүүнүн сапаты кɵтɵрүлбɵй жатат. Ошондуктан биз диний билим берүүдɵ конкреттүү адистикти талап кыла турган сабактардын сапатын кɵтɵрүүнү максат кылсак туура болот.

Кыргызстандагы диний билим берүүнү жүргүзүү укугу кимде болушу керек деген маселе бар. Ал буга чейин дагы айтылып жүргɵн. Билим берүү министрлигинде атайын диний билим берүү бɵлүмү ачылышы керек. Жеке окуу жайлар, медреселердин окуу программасын, окуу куралдарын жана кимдер окуй турганын аталган министрлик өз көзөмөлүнө алсын.

Ал эми диний билим бере алган же окутууга жɵндɵмдүүлɵр мүмкүн болушунча адистикке талап кылбаган арабча үйрɵтүү, Куран үйрɵтүү жана таалим-тарбия сыяктуу кыска мɵɵнɵттɵгү окутууларды уюштурса болот.

Муфтият медреселердин түзүүчүсү катары калышы мүмкүн. Бирок системалуу билим берүү тармагын, окуу программасын муфтият эмес, Билим берүү министрлиги түзүшү керек деп эсептейм.

Диний билим берүү структурасында алгач лицейлер, андан кийин колледж, андан кийин бакалавриат, магистратура, докторантура системасы колдонулушу керек деп ойлойм.

Дин таануу менен диний билим берүүнүн айырмачылыктары бар. Бирок реалдуу колдонууда муну ажырата билүү абдан кыйын. Диний билим берүү дин таанууга караганда терең жана көйгөйлүү, түп-тамырынан ɵзгɵртүүгɵ муктаж болгон тармак.

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылай колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну PreventionMedia жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Поделиться ссылкой: