Жаңы технологияларды колдонуу Кыргызстанда жаштар арасындагы диний радикалдашууну азайта алабы?

Бисмиллаахир рохмаанир рохиим!

Касиеттүү Куранда Кудай Таала айтат: “Диниңерде чектен чыгып кетпегиле!” (Нисаа:171). Пайгамбарыбыз алейхис салам айтат: “Динде чектен чыккандан этиет болгула!” (Ибну Маажа:, Манаасик).

Жогорудагы текстерден радикалдуулукка жана радикалдашууга каршы күрөшүү ар бир мусулмандын, мусулман өлкөсүнүн, диний мекемелердин милдети экендиги айкын!

Касиеттүү Куранда Кудай Таала айтат: “Акыйкатта мына ушул менин түз жолум, бул жолдо жүргүлө, башка жолдорду ээрчибегиле! Башка жолдорду кармансаңар акыйкат жолдон четтеп кетесиңер. Бул силерге болгон Кудай Тааланын осуяты…!” (Аньаам:153).

Айтылган аятта туура жол бир гана жол, Алла Тааланын туура дини гана экендиги, а андан башка жолдор туура эмес багытта экендиги айтылган. Акыйкат жалгыз, аны кармануу, андан башкасынан сактануу милдеттүү;

Пайгамбарыбыз алейхис салам колуна таякча алып жерге түз сызык сызып, “бул Аллахтын туура жолу!”, деп айтып, андан соң бутакчаларды эки тарапка сыртка чыгара сызып, “булар шайтандын жолдору, буга кирбегиле!”деди (Ахмад, Хааким).

Хадистен белгилүү болгондой, адамдардын аң сезимине жетүү үчүн бардык туура ыкмаларды, усулдарды колдонуу максатка ылайыктуу жана милдеттүү;

Коомдун радикалдашуусунун бир канча олуттуу себептери бар.  Ал себептерди жоюуда жаңы технологияларды колдонуу  -айрыкча ааламдашуу заманында- өтө зарыл. Анткени жаштар гезит жана китеп окууудан, телевизор көрүүдөн алыстап, басымдүү бөлүгү соц.желелерде олтургандыгы байкалат. Ошол эле учурда ар кандай радикалчыл агымдар жана көз караштар өздөрүнө соц.желелер аркылуу тартып жаткандыгы  да белгилүү.

Расмий диний мекемеде иштебеген, ресурстарга ээ болбогон, эч кандай тараптан каражат албаган, мен сыяктуу диний ишмер, жаңы технологияларды колдонуп, радикалдашуунун төмөндөгү себептерин жоюуга  аракеттенсе жана ийгиликке жетишсе болоорлугун жеке тажрыйба көрсөттү.

  1. Караңгылык, диний сабаттуулуктун аздыгы же таптакыр жоктугу;
  2. Диний маалыматтарды такталбаган булактардан алуу;
  3. Туура багыттагы аалымдардын өздөрүнө жаккан сөздөрүн гана кабыл алып, алардын пикирине каршы келген сөздөрүн кабыл кылбоо;
  4. Фатва маселесиндеги чалакайымдык. Кээ бир жеке өкүмдөрдү жалпылаштырып,  ал аркылуу туура эмес багыттагы чечимдерди чыгаруу;
  5. Такфиир. Өздөрүнө туура келбеген бардык адамдарды каапыр деп атап, аларды динден чыккан душман катары баалоо;
  6. Аң сезимдин тардыгы, жана фанатизм;
  7. Васатия – ортолукту кармануу маселеси жок;
  8. Чындык бир гана аларда, же алардын аалымдарында гана болот деген натуура түшүнүккө ээ болуп калуу;
  9. Инсанияттын тарыхына саресеп салуудан кур жалак калуу;
  10. Ибну Хальдун айтат: “Тарых илими – максаты бийик, пайдасы мол, кадыр-барктуу илим. Бул илим өткөн азиздер менен улуулардын жана пайгамбарлардын жашоосун, адеп-ахлагын, жүрүш-турушун бизге айтып берет. Падышалардын эл башкаруудагы саясаттарын көрсөтүп берет.  Натыйжада аларды ээрчүү, орошон тажрыйбалары менен бөлүшүү бактысы пайда болот. (Мукаддима 10-бет, Даар аль Калам, 5-басылышы, 1984-жыл)
  11. Шайтандын азгырыгы;
  12. Ыйманы алсыз адам шайтандын азгырыгына тез алданат;
  13. Илими аз адам шайтандын азгырыгына тез алданат;
  14. Жашоодо тажрыйбасы аз адамдар шайтандын азгырыгана тез алданат;
  15. Жашы жетелек өспүрүмдөр да шайтандын азгырыгына тез алданат;
  16. Өлкөдөгү диний ишканалар менен ишмерлердин кемчилиги;
  17. Жеткиликтүү түрдө үгүт-насааттын болбогондугу, жетишсиздиги;
  18. Туура эмес багытта үгүт-насааттын жүргүзүлүүсү.

Ар бир айтылган сабактар жана лекциялар, баяндар жогоруда айтылган кемчиликтерди жоготууга, себептерди жоюуга багытталып, темалар атайын даярдалып, жаштарга сунушталат.

Ошол эле учурда улуттук менталитетти, жаштардын “ өзүн жана өзүн жакшы көргөндөрдү жакшы көрүү” психологиясын эске алып, ар кандай эмоционалдуулук менен  өзүбүздөгү продукцияны беребиз..

Бул майдандагы “атаандаштарга” жеңилип калбоо үчүн, аларга караганда маалыматтарды жеңилирээк (доступно)  жана тезирээк жеткиргенге ( оперативдүүлүк) болгон аракет өзгөчө мааниге ээ.

Айтылган сөз кургак болбостугу үчүн эки мисал бере кетейин:

  1. Манас эпосу туурасында;
  2. Кыргызстанда Манас баатырды кудай деп, теңирим Манас деген түшүнүктөрдү карманган пикирлер пайда болуп айтыла жана жазыла баштаган. Манасты сүйүүчүлөр менен Исламчылардын оросунда ажырым пайда болгондугу ачык баамдалган.
  3. Аны жоюу максатында ар кандай дебаттарга катышуу, сабактарды айтуу, суроолорго жооп берүү жана  аларды жаюу аркылуу жакшы жыйынтык чыкты. Азыркы учурда Манас туурасындагы айтылып жаткан сөздөрдү анализдесеңиз, Манасты Кудай деген түшүнүк кездешпей калды.  Манаска сыйынуу менен Манасты сыйлоо эки башка түшүнүк экендиги аң сезимдерге жетти.
  4. Диниятчыларбыз да Манас айткандарды жектебестен, аны сүйүү менен угуп калды десек жаңылышпайбыз. 
  5. ИГИЛ туурасында;
  6. Кыргызстанда  Сирияга баргандардын саны утур көбөйүп жатты. Аалымдар Кеңеши аркылуу атайын китеп даярдалып, анын маани мазмуну  дээрлик эки ай бою жайылтылды. Саудиялык динаятчы Мухаммад Муса Шарифти жеке чакыруу менен Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында имамдарга эки жумалык семинар, карапайым адамдарга ИГИЛдин туура эмес экендиги туурасында маалыматтар жеткирилди. Мамлекеттик каналдар, МВД кызматкерлери бул сабактардан атайын ролик даярдашып, өз булактары аркылуу жайылтышты.
  7. Жыйынтык катары, ошол иш-чаралардан кийин Сирияга кеткендердин саны кескин кыскарды. Башка мамлекеттерде байкалаарлык деңгээлде кыскарган жок.
  8. КР Коопсуздук комитетинин  “Ардак Грамотасы”, 2015-жылы  терроризм, такфиризм жана диний экстремизмге каршы кошкон салымы үчүн   ыйгарылды.

Соц.тармактагы жетишкендиктер (05.04.2018)

  • “Насаат Медиа”  Ютуб каналында азыркы учурда   4757 видеосабактар бар;
  • Катталгандардын саны 224,355  адам;
  • Жалпы канал 46,107, 863 жолу көрүлгөн;
  • Фейсбук баракчада 242,000 колдонуучу бар (КР аймагында ММКлар ортосунда биринчи орунда);
  • Фейсбук, Расмий баракчада “Чубак ажы Жалилов”   56,000 колдонуучу бар;
  • Одноклассник 148,000 колдонуучу бар;
  • Инстаграмм 108,000 колдонуучу бар;
  • Тиркеме (приложение, андроид) “Насаат медиа” 500,000ге жакын адам колдонот;
  • Күнүнө 4,000ден ашуун адам сабактарды көчүрүп алат.
  • 2017-жылы “Насаат Медиа” каналы Ютуб компаниясынан “Күмүш баскычка” ээ болду;

Программалар:

  • Ар жуманын Шаршемби күндөрү Шамнамазынан Купатан намазына чейин эркектер жамаатына сабак;
  • Ар жуманын Жекшемби күндөрү Шам намазынан Куптан намазына чейин эркектер жамаатына сабак;
  • Ар жуманын Жекшемби күндөрү 10:30 дан 12:00 гө чейин аялдар жамаатына сабак;
  • Ар жуманын Жума күнү Жума баяны;
  • Ар жуманын Шейшемби күнү медреселердин окутуучу эжейлерине 14:00 дөн 16:00гө чейин сабак.
  • Ар жуманын Ишемби күнү 19:00 дөн 20:30 га чейин Марал ФМ ден жана 24 ТВ дан түз эфир;
  • Ар  жуманын Бейшемби күндөрү “Азия Ньюс” гезитине бир беттик суроо жооптор.

Автор: Чубак ажы Жалилов, Кыргызстандын экс-муфтии. IFEAC уюштурган тегерек столдогу сүйлөгөн сөзү.

Сүрөт Табылды Кадырбеков

P.S. Все тексты предоставлены Французским институтом исследований Центральной Азии в Бишкеке.

Поделиться ссылкой: