Кыргызстан 2021-жылы 16-мартта, «Мээрим» деп аталган атайын операциянын алкагында, Ирактын лагерлеринде кармалып турган 79 баланы кайтарып келген. Алар алгач реаблитациядан өткөрүлгөндөн кийин, тиешелүү документтери такталып, Ош шаарындагы, Араван жана Кара-Суу райондорундагы жана Кара-Балта шаарындагы туугандарынын колуна өткөрүлүп берилген. Бул балдар тиешелүү органдардын көзөмөлүндө, тактап айтканда, психологдор, социалдык кызматкерлер, мектептердин соцпедогогдору өзгөчө көңүл буруп турушат. Репатриант-балдарды коомго реинтеграция кылуу кандай жүргүзүлүп жатканы жана аларга дагы кандай көмөк көрсөтүү керектиги тууралуу бул жааттагы серепчи Кеңешбек Сайназаров менен маек курдук.
— Кеңешбек мырза, Ирактан алынып келген 79 балага көрсөтүлүп жаткан камкордук канааттандырабы? Аларга дагы кандай көңүл бурулуш керек эле? Коомчулукта ал репатриант балдарга карата басмырлоосу жокпу? Ушул жана башка маселелер боюнча кенен жүргүзгөн анализиңизден бөлүшө кетсеңиз?
— Албетте, башка мамлекеттерге, алыска кетпей, жаныбыздагы эле кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу бүгүнкү күндө биздин Ирактан балдар гана алынып келинген. Аялдар келген жок. Муну жоктон көрө жогору деп койсок болот. Себеби бул маселеде башка мамлекеттерде аялдарды эле эмес, эркектерди да алып келген учурлар болуп атат. Бизде болсо, балдарды алып келип көрүштү. Эми аларга карата реаблитация жана реинтеграция программалары боюнча эмнелерди айтат элем?
Менин оюм боюнча, дегеле биздин анализге ылайык, үч-төрт нерсе Кыргызстан үчүн аябай жакшы болду деп ойлойм. Анын биринчиси – ошол реаблитациялык программаны даярдаганга чейин Өзбекстан менен Казакстанда адамдарды алып келиш деген өтө тездик менен жүрдү. б.а. президенттер жарлык чыгарып алып келишкен.
А бирок Кыргызстанга кичине убакыт болгондуктан, бул аралыкта биздин мамлекеттик структуралар кошуналардын тажрыйбасынан алынган сабактарга таянып, өздөрүн жакшыраак даярдады деп эсептейм. Биздеги реаблитациялык программалар салыштырмалуу деңгээлде жакшы өттү деп айтса болот. Себеби керектүү материалдар, каражаттар, адамдар, институттар бардыгы убагында даярдалып коюлду. Бирок реаблитация программасы бүткөндөн кийин, реинтеграциялык стадиясына келген кезде бир канча көйгөйлөр пайда болду. Алардын эки-үчөөсүн өзгөчө айсак болот:
Биринчиси – репатриант-балдарды жакындарына өткөрүп берүү маселеси боюнча айрым нерселер чыгып калды. Себеби аларды алып келген мезгилде балдардын документтери боюнча атасынын үй-бүлөсүнө барыш керек болчу. Бирок тилекке каршы, кээ бир учурларды көрүп калдык, мисалы үй-бүлө деген ар кандай болот, ошол эле үй-бүлөнүн ичиндеги балдары да ар кандай болот. Ошондо балдар камыр-жумур болуп айкалышып кетиш үчүн тиги үй-бүлөнү да даярдаш керек эле деп калдым. Анткени үй-бүлөлөр да даяр болуп, аларга балдардын психологиясын үйрөтүп, аларга кандай мамиле кылганды билип, ошого даярдыгы болсо жакшы болмок деп эсептейт элем.
Ал эми экинчи маселеси: албетте мамлекеттин көзөмөлүндө реаблитация программасы толук камсыз болуп, каржылоо менен өттү десек болот. Реинтеграция маселесинде жергиликтүү коомчулуктан, айыл өкмөттөрдөн, жергиликтүү бийликтер менен жарандык коомчулуктун, мисалы, аялдар комитети же диний өкүлдөр, айыл башчылар болобу, ошолордун ролу аябай чоң. Аны ийгиликтүү алып кетиш үчүн айыл өкмөтүнө ылайыктуу келген негизги нерселерин камсыз кылып, чама-чаркы жете турган, каржылык маселелерин дагы жолго коюш керек эле. Анткени бизде айрым учурларда ушул жакта чатышып кеткен көрүнүштөр болду.
Баарыбызга белгилүү болгондой, Кыргызстандын көпчүлүк айыл өкмөттөрү дотацияда турат. Анан аларга балдарды алып барып, эми ушул жактан реинтеграцияны силер камсыз кылгыла дей турган болсок, эгер чама-чаркы келбесе, алар эмне кыла алышмак эле да, эмне ишти бүтүрмөк эле?
Анан үчүнчү чоң маселеси – бул, реинтеграция деген суроо көп жылга чейин созула турган процесс. Бул 2-3 айдын ичинде боло турган нерсе эмес. Реаблитацияныкы мүмкүн эки же үч айдын ичинде алгылыктуу кылып койсо болот. А реинтеграция – бул, көп жыл талап кылына турган процесс.
Ушул жерде эң негизги роль ойногон үч институт бар. Алар: психологдор, соцпедогогдор жана соцкызматкерлер. Ушулар балдарды бардык жактан көзөмөл кылыш керек. Ошол үчүн ушул үч негизги институттун иштөө жолдорун, натыйжаларын, анын ичиндеги алгоритмдер сыяктуу бир топ аспекттерди дагы бир жолу тыкыр карап чыгышыбыз керек. Анткени психологдор ар кандай сессияларды өткөрөт, алар бир гана репатриант-балдар менен эле эмес, алар барган үй-бүлө менен, балдардын тегерегинде жүргөн достору менен сессияларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бериш керек. Ошондуктан жогоруда айтылган үч институттун өкүлдөрүн кайрадан окутуудан өткөрүп, аларды бүгүнкү заманбап технологиялар менен тааныштырып, ушул жагынан күчтөндүрүш керек го деп ойлойм.
— Эми Сириядагы лагерлерде кармалып тургандар маселесине келсек. Алар 2019-жылдан бери кармалып турат экен. Алардын арасынан жок дегенде аялдар менен балдарды алып келүү маселеси артка жылдырылып келатат. Анан сиз маегиңздин башында айтып атасыз, айрым кошуна мамлекеттер эркектерден бери алып келди депчи. А биздикилер эмне үчүн кечигип атат? Бул жерде саясий бир шылтоо барбы?
— Менимче бул жерде эки-үч фактор роль ойноп атабы деп ойлойм. Биринчиси биздеги коомчулукта ушунчалык чоң стигма бар, ошол болушу мүмкүн. Сирия менен Иракка кетти десе эле, алар ушулар “диний согушкерлер”, “алар келсе эле биздин коомубузду бүлүндүрөт”, “алып келсе, коркунуч өтө чоң”, — деп бөкөчө кылып көрсөтө турган нерсе бар. Бул керек болсо, чечим кабыл ала турган адамдардын да кулагына чейин жетип калганбы дейм.
Эмне болсо эле коркуп, тайсалдагандай боло беришет. Бирок макул, эркектери жөнүндө сөз кылбаса да, жок дегенде энелер менен балдарды алып келиш керек. Себеби алар ар кандай жолдор менен, мисалы көпчүлүгү алданып барып калышкандар. Канчалаган адамдар өздөрүнүн балдарын кайтарып ала албай, алар менен керек болсо сүйлөшө албай же бүгүнкүдөй кыйынчылык заманда, мисалы элестетип көрсөң, азыркы баалардын көтөрүлүшү сыяктуу кризисттик абалда кандай кыйынчылык болуп атат, а лагерде биздин жарандарыбыз кандай шарттарда жашап атат, билбейбиз да.
— Ооба, кыйын экен аларга. Жайы-кышы чатырды жашашат тура…
— Ооба да. Жөнөкөй эле мисал: жайында 60 градустук ысыкта же кышында 20-30 градустагы суукта чатырда жашаганды элестет. Бирок эгерде көбүрөөк жардам беребиз дегендер чыкса, анда: “силер террористтерге көмөк көрсөтүп атасыңар”,-деп аларды да коркутушу мүмкүн. Анткени бизде мыйзамдар бар да. Кырдаал ушундай кыйын абалга тушугуп калды. Мен Сирияда жакындары кармалып тургандардын Кыргызстандагы энелери менен сүйлөшөм, алардын ыйларын угам. Алар чындап эле аракет кылып атышат, бирок жылыш болбой атат. Бизде саясий чечим кабыл алып, аларды алып келгенге кандайдыр бир шарт түзүлбөй келүүдө.
Ирактан балдарды алып келдик. Бирок элестетип көрсөң, биз эне менен баланы бөлүп, ажыратып алып келдик да. Ал бала бул жакта куса болуп, энесин сагынып, эстеп атат да. Биз “диний согушкер” деп ойлосок дагы, анан ал жаман болсо дагы бала үчүн эне да. Ошол эле учурда аялдарды караш керек. Бардыгын эле бир боек менен боёп, аларды “террорист” дегенден көрө, менимче ичинде, кимиси кандай жолдор менен кеткенин аныкташ керек. Айрымдары мусулманчылыктын принциптери боюнча күйөөсү айтканынан чыга албай, ээрчип кеткени бар, алданып кеткени бар. Ошолордун бардыгын караштырып, эгерде коркунучу жок болсо, аларды алып келиш керек деп ойлойм. Башка мамлекеттер алып келбедиби, мисалы Тажикстан жакында аялдар менен балдарды дагы алып келди. Биз да ушундай кылышыбыз керек.
Ар кандай учурлар болот. Жаңылбаган адам жок. Бул жашоодо баарыбыз жаңылышабыз. Бирок ошол жаңылуу өмүр бою жаза болуп калбаш керек да. Мүмкүн ошол аялдар жаңылып, алданып кетип калгандыр, ошолорду алып келишибиз керек.
— Дагы эмне кошумчалагыңыз келет? Мен сурабай калган, а сиз айтайын деген кандай ойлоруңуз бар?
— Менин дагы бир кошумчалайын деген нерсем бар. Бизде бей өкмөт уюмдар бар. Ошолордун ичинен карап туруп, белдүү деген, өзүнүн репутациясы бар, ушул тармакта иштеп калган, кризисттик борборлорду иштетип жүргөн 2-3 бей өкмө уюмдарды тартып, аларды да бул жумушка аралаштырсак, бир аз оңойураак кетмек беле дейм. Репатрицияланган балдарга экинчи жылдын жүзү болуп атса дагы, айрымдарына дагы эле жардам керек. Реинтеграция деген бир топ цикл менен өтө турган нерсе.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айтаар элем, психологдордун, соцкызматкерлердин жана соцпедогогдордун ролун чоңойтуп, аларга көбүрөөк басым жасаш керек. Алардын заманбап тартипте иштегенге көмөктөшүшүбүз зарыл. Анткени бул жерде бир эле кайтып келген репатрианттардын эле көйгөйү жок.
Себеби билесиң, 2012-15-жылдардан бери экстремизм маселеси менен кармалып, түрмөдө отургандардын мөөнөтү жакындап калды. Алар чыгат. Чыккандан кийин аларды реинтеграциялоо үчүн коомчулукта кандай шарттарды түзө алабыз деген маселе турат. Анткени алар түрмөдө отуруп чыккандан кийин эгерде алгылыктуу реинтеграцияланбаса, кайрадан радикалдашып кетиши мүмкүн. Ошондуктан алардын коомго аралашып кетиши үчүн керектүү жардамдарды көрсөтүш керек деп ойлойм. Бирок бизде бул маселе али ойлонула элек болуш керек.
Андан сырткары, азыр биздин коомдо үй-бүлөлүк зордук-зомбулук деген күчөп атат. Ошол жерде дагы психологдордун, соцкызматкерлердин орду абдан чоң. Келечекте ушундай чакырыктарга даяр турган белсемдүү институттарды даярдашыбыз керек.
Булак: Eurasia Today, Асанбек Пазыл
P.S. Конфликттик аймактардан келген балдарды репатриациалоо, реабилитациялоо, реинтеграциялоо темаларын чагылдыруу боюнча сунуштар. Биздин сунуштар окурмандарга кайсы бир сөздүн жана аныктамалардын категориялык, концептуалдык аппаратын жакшыраак түшүнүүгө жана ал аркылуу кайсы бир деңгээлде багыт алууга жардам берет. Биз, аныктамалардын жана түшүнүктөрдүн кыскача сөздүгүн сунуштайбыз. Ошондой эле бул колдонмодо эмнени чагылдырса болот же «Бирөөгө зыян келтирбе» позициясында туруп, эмнени таптакыр чагылдырганга мүмкүн эместиги тууралуу конкреттүү сунуштар камтылган.