«Ийгиликке кадам» II медиафорум Нарында

8-9-сентябрларда Нарын шаарында II “Ийгиликке кадам” медиафоруму өтөт. Анын жүрүшүндө аймактык медиалардын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу сөз болмокчу. Бул иш-чарага республикабыздын булуң бурчунан 70ге жакын кыргыз тилдүү журналисттер менен медиа адистердин катышуусу күтүлүүдө.

«Ийгиликке кадам» медиафоруму – кыргыз тилдүү журналисттердин маселелерин талкуулоо жана алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатындагы республикалык иш-чара болуп эсептелет.

II Медиафорумдун өткөрүлүшүнө IFEX, USAID, IFES, ЕККУнун Бишкектеги Программалык офиси жана Kyrgyz Concept сыяктуу эл аралык уюмдар жана кыргызстандык жеке компаниялар көмөк көрсөтүшүүдө. Аны өткөрүү демилгеси “Журналисттер” КБга таандык. Медиа форум ар эки жылда бир жолу дубандардын биринде өткөрүлүп турат.

Биринчи Медиафорум 2019-жылы 9 сентябрда Ош шаарында өткөрүлүп, ал өлкөбүздүн ийгиликүү медиаларынын иш тажрыйбасы менен бөлүшүүгө арналган. Биринчи форумдун толук трансляциясы.

«Ийгиликке кадам» медиафоруму Ош шаарында 09.09.2019 ж.

Поделиться ссылкой: