Медресе окуучуларынын жарандык иденттүүлүгүнүн калыптануусунда диний билим берүү мекемелеринин ролу

Бул изилдөө, Кыргызстандагы медресе окуучуларынын жарандык иденттүүлүгүнүн  калыптануусунда диний билим берүү мекемелеринин ролун изилдөө максатында, Диний кырдаалды изилдөө борбору тарабынан жүргүзүлдү. Изилдөө медресе окуучуларынын өздөрүн «кыргыз жараны» катары идентификациялоосун талдоо, ага болгон медреселердеги окуу-тарбиялык процесстердин таасирин аныктоо, медреселердин ишмердүүлүгүнө байланыштуу социалдык-экономикалык, материалдык-техникалык шарттарын жана алардын окуучулардын өзүн-өзү идентификациялоосуна таасир берүү ыктымалын изилдөө сыяктуу милдеттемелерди алдына койгон.

Медресе окуучуларынын жарандык иденттүүлүгүнүн калыптануусун үйрөнүү максатында жүргүзүлгөн бул изилдөө диний окуу жайларда окуп жаткан улан жана кыздардын жарандык иденттүүлүгүнүн калыптануусунда медреселердин ролу кандай деген суроого жооп издеди. Изилдөө долбоорунун теориялык негизи Д.В. Какадийдин “Жарандык иденттүүлүктүн калыптаныш” моделине таянып, концептте белгиленген 4 компонент (когнитивдик, баалуулуктар, эмоционалдык жана ишмердүүлүк) аркылуу жүзөгө ашырылды. Изилдөөнүн мүдөөсүнө жетүү үчүн аралаш ыкма QUANT+qual+QUANT тандалып алынып,

2019-жылдын 3-апрелинен 16-майына чейин 751 медресе окуучусунун сурамжылоого катышуусу менен, 71 экспертик интервью жана 61 байкоо карточкасын толтуруу менен маалыматтар топтолду. Сандык маалыматтар „SPSS Statistic“ программасынын жардамы менен, ал эми сапаттык маалыматтар „MAXQDA“ программалык жабдуусунун жардамы менен иштелип чыкты. 

Изилдөөнүн негизги суроосу болгон “Окуучулардын жарандык иденттүүлүгүнүн калыптануусунда медреселердин ролу кандай?” суроосу боюнча төмөндөгүдөй жыйынтыкка келдик.

Биринчиден, медреселер окуучулардын жарандык иденттүүлүгүн калыптандырууга караганда диний иденттүлүктү приоритеттүү орунга коет.Кененирээк айтканда, медресе окуучуларынын жарандык жана диний иденттүүлүгү параллелдүү түрдө калыптанып жатканы менен, 9-класска чейин жалпы билим берүү мектептеринде билим алганынан улам биринчи кезекте жарандык иденттүүлүк басымдуулук кылат, андан кийин гана диний, улуттук жана жердештик белгилери менен өздөрүн идентификациялашат. Гендердик жактан кескин айырмачылыгы жок. Бирок этнос жактан айырмачылыктар табылды.

Дунган этносуна тиешелүү респонденттерде диний иденттүүлүк басымдуу кылып, өзүлөрүн биринчи кезекте мусулманмын деп эсептесе, кыргыз жана өзбек этносуна тиешелүү окуучуларда жарандык иденттүүлүк алдыңкы орунга чыгып, өздөрүн Кыргызстандын жаранымын деп эсептешет. 

Башка диндерге болгон мамилени карап көрсөк, окуучулардын медреседен сырткары башка диндин өкүлдөрү менен мамилеси болбогондуктан жана негизгиси жалпы диндер тууралуу маалымат аз берилгендиктен, алардын диний толеранттулугу анча калыптана элек. Кызыктуусу, медреселерде китепкана жана башка диний эмес окуу ресурстары бар болгону менен, алардын окуучулардын жарандык идентүүлүгүнүн калыптануусуна салымы аз, анткени бул ресурстардын көбүнчөсү жарандык иденттүүлүктүн калыптануусуна багытталган эмес же алар окуучулар тарабынан активдүү колдонулбайт.

Ошол эле учурда, медреселер коому диний жана жарандык билими терең бүтүрүүчүлөрдү тарбиялап, аларды коомдун бардык секторлорунун толук кандуу мүчөсү болуп кетүүсүн каалайт жана ал үчүн диний жана дүйнөлүк билим-көндүмдүмдөрүнүн маанилүүлүгүн түшүнүшөт.

Медреселердин мугалимдери диний билим менен бирге диний эмес предметтерди окутууну каалап, эки багытта алган билим, куштун эки канаты сымал, бир канаты жок куш учалбаган сыңары бир багыттуу билим жетишсиз деген менен, диний окуу жайлардын  көбүндө мүмкүнчүлүктүн, шарттардын жоктугунан жалпы билим берүү предметтери окутулбай келет. Окуучулардын өзүн-өзү өнүктүрүүгө, кругозорун кеңейтүүгө көпчүлүк медреселерде шарттар жок. Окуучуларга ар кандай багыттагы адабияттарды окутууга карата иш-чаралар көпчүлүк учурда уюштурулбайт.

Экинчиден, медресе окуучуларынын диний иденттүүлүгү күчтүү калыптанганы менен, алар өзүлөрүн Кыргыз Республикасына тиешелүү, толук кандуу укуктарга жана жоопкерчиликтерге ээ болгон атуул катары эсептешет. Ошол эле учурда, Ислам динине туура келбеген практикаларды аткарбаганы менен (мисалы, диний эмес майрамдарды майрамдабоо), Кыргыз Республикасынын светтик мүнөзүн четке какпайт жана шариятка негизделген мамлекет курууга үндөбөйт деген тыянакка келдик.

Тактап айтканда, медреселерде коомдук-саясий маселелер жетиштүү деңгээлде талкууланбаса да, окуучулардын жарымынан көбү коомдо болуп жаткан окуяларга кызыгып, коомдо болуп жаткан өнүгүүлөргө өз ой-пикирин калыптандырып, социалдык-моралдык жоопкерчилиги бар инсан катары өнүгүп келе жатат. Басым жасап кетчү нерсе, окуучулардын көпчүлүгү шайлоолордо, референдумдарда добуш берүүнү каалашат. Шайлоого катышууга окуучулар толугу менен эркин, медресе тараптан эч кандай чектөө жок, тескерисинче окуучуларды шайлоого катышууга үндөйт. Бирок мындай таасир медреседе гана калыптанып жатат  деген табылгадан алыспыз, анткени бул тууралуу толук кандуу жооп алыш үчүн окуучулардын медресеге чейинки абалын да изилдөө керек.

Үчүнчүдөн, медреселер окуучулардын жергиликтүү коомго аралашуу мүмкүнчүлүктөрүн чектейт деген божомолду тастыктай албайбыз. Бул изилдөөгө катышкан медреселердин баардыгы жатып окуган медреселер болгондуктан, окуучулар жума ичинде суткасына 24 саат медресе ичинде болушат. Дем алыш күндөрү үйлөрү жакын болгондор үйлөрүнө же туугандарына барышат, досторуна жолугушат же базарга барышат. Көбүнчө карылык медреселеринде үйүнө же туугандарына узак мөөнөттө гана уруксат берилет.

Жаңылыктарды көрүүгө телевизор же интернет көпчүлүк медреселерде жок болгону менен, окуучулардын жарымынан көбү коомдо болуп жаткан окуяларга такай кызыгышып, маалыматтарды медреседен сырткары чыкканда кадыресе булактардан алышат.

Аларды эң көп коомдогу адеп-ахлак жана моралдык проблемалар, коррупция жана экология маселелери ойлондурат. Окуучулар бул көйгөйлөрдү радикалдуу жолдор менен эмес, көбүнесе мыйзамдык жана агартуу жолдор менен чечүүгө болот деп ойлошот.  

Ошол эле учурда, аял кишинин эмгекке катышуусуна окуучулар жалпысынан каршы болбогону менен, өздөрүнө жакын аял кишилердин жумушка чыгуусун анчалык колдой беришпейт.

Анын негизги себеби – бул Ислам дининдеги аял кишиге берилген социалдык ролдун көбүнесе үй-бүлөлүк жана жеке тармактарга байланыштуу болгондугу менен түшүндүрүлөт. Аял кишинин орду үйдө болуусун ролдук модель иретинде кыздар жана эркек балдар медреселеринде диний адеп-ахлак катары кеңири үйрөтүлүп келет. Ошол эле учурда айтып кетчүү нерсе,  окуучулар  коомдо адам укуктары бузулуп жаткан окуяларга күбө болуп калышса, активдүү чараларды көрүүгө даяр. Кыздар көбүнчө тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылууну, кабар берүүнү туура көрүшсө, уландар проактивдүү алдын-алууга аракет кылып, эскертүү менен жардам берүүнү туура көрүшөт. Окуучулардын жарымы кесип тандоодо, билим алууда, жумуш тандоодо өз алдынча чечим кабыл алышат деген жыйынтыкка келдик.

Бул изилдөөдө медресе окуучуларынын жарандык иденттүүлүгүнүн калыптануусун когнитивдик, баалуулуктар, эмоционолдык жана ишмердүүлүк компоненттери менен иликтөөгө аракет кылынды. Изилдөөнүн тандалган өрнөк тобу жалгыз гана жатак медреселерден түзүлдү. Негизи медреседе жатып окуган жана келип кетип окуган медреселердин окуучуларынын жоопторун салыштырган изилдөө жүргүзүү менен бул теманы дагы терең түшүнүүгө болот. Бул теманы жалпы билим берүү мектептеринде ушул индикаторлор аркылуу контролдук группа катары изилдеп, мектеп окуучулары менен медресе окуучуларынын ортосундагы айырмачылыкты билсек жакшы болмок. Мындай изилдөө көп убакыт жана финансылык ресурстарды талап кылгандыктан азырынча жүргүзүлгөн жок. КРдин диний билим берүүнү жөнгө салуунун тартиби жөнүндөгү жобонун негизинде медреселерге милдеттүү «Жаран тануу» сабагы киргенден кийин, жарандык иденттүүлүктүн калыптануусун кайрадан изилдеп көрүү, киргизилген предметтердин таасирин көрүүгө өбөлгө түзүп берет.

Бул изилдөөнүн жыйынтыктары Кыргызстандын аймагындагы медреселердин иш-аракеттерине кызыккан эксперттер үчүн ишеничтүү булак болуу менен, медресе жетекчилерине, КМДБнын мындан аркы иш-аракеттерине, окуучулардын жарандык калыптануусун бекемдөөгө багыт болуп бере алат. Ошондой эле медреселерге «Жаран таануу» сабагын киргизүү үчүн аталган предметтин окуу куралын даярдоого жардамчы колдонмо боло алат. 

СУНУШТАР

Медреселерге

1) Медреселерде жалпы жарандык предметтерди киргизүү

2) Медреселердин китепканасына көркөм адабияттарды, жалпы билим боюнча китептерди коюу, окуучуларды окууга шыктандыруу жана окутуу

3) Окуучуларга эс алуу жана бош убактысын өткөрүү үчүн эс алуу бөлмөсү, телевизор бөлмөсүн уюштуруу

4) Окуучуларга өлкө ичиндеги жаңылыктар менен таанышып туруусуна шарт түзүп берүү 

5) Окуучуларга тарыхий жана көркөм музейлерине саякат уюштуруу

6) Аптанын башында эртең менен жалпы линейка аркылуу же класстарда сабакты КРнын Гимни менен баштоо.  Ошондой эле салтанаттуу иш-чаралардын башталышында, ар кандай жыйындарда  КРнын Гимни менен баштоо.

7) Эркек жана кыз медреселерине жаран таануу жана өздүк өнүгүү ресурстарын бирдей деңгээлде киргизүү (эркек балдардын коомдук ролу жогорураак деген ойдон алыс болуп)

8) Мусулман аялдардын профессионалдашуу жана социалдык активдүүлүгүн күчөтүү боюнча иш чараларды кыздар медреселерине киргизүү

9) Кыз медреселерде, кыздарга жашоодо эркек киши менен ар кандай кырдаалда иш-алып баруу жөндөмдүүлүгүн үйрөтүү

8) Медресе окуучулардын жергиликтүү коомчулуктун социалдык жана маданий жашоосуна катышуу мүмкүнчүлүктөрүн ар түрдүү максаттуу иш чаралар аркылуу бекемдөө

Кыргызстан Мусулмандар Диний Башкармалыгына

1) Тиешелүү мамлекеттик органдары менен биргеликте «Жаран таануу» предмети боюнча окуу куралын даярдоо. Бул окуу куралы боюнча мугалимдерди окутуу

2) Медреселерде жалпы жарандык предметтерди киргизүү жана көзөмөлдөө

3)Медреселерге көркөм адабият жана жалпы жарандык предметтер боюнча адабияттарды, окуу куралдарын табууга көмөктөшүү

4) Медресе окуучуларына окуу көндүмдөрүн үйрөтүү максатында медреселерде ар түрдүү китеп окуу сынактарын, жарыштарын уюштуруу

5) Медресе окуучуларын жалпы билим берүү предметтери боюнча райондук, облустук ар кандай олимпиада, дил баян конкурстарына жана спорттук мелдештерге катыштыруу

6) Жалпы бардык медреселерде КРдин символикаларынын болушун талап кылуу жана класстык сааттарда алардын маанисин түшүңдүрүп берүү

7) Окуу жылынын жүрүшүндө жалпы медреселердин материалдык базасынын, иш пландарынын, окуу процессинин уюштурулушун көзөмөлгө алуу

Текст: КР ДИМК Диний кырдаалды изилдөө борбору

Поделиться ссылкой: