Бул баяндама Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияcы жана Тынчтык Инновациялар боюнча Булан Институту (мындан ары – Булан институту) тарабынан биргеликте даярдалды.
Баяндаманын максаты Кыргыз Республикасынын жарандары кайсы чет мамлекеттерден диний билим алып жатышканын, кайсы мамлекеттерде кандай исламий диний окуу жайлар бар жана алардын өзгөчөлүгү эмнеде экендигин, ошондой эле биздин атуулдардын чет өлкөлөрдө окуу тенденциясын анализдөө болуп саналат. Себеби соңку жылдары Кыргызстанда чет өлкөдө диний билим алып келүүгө, дегеле диний билим алууга кызыгуу күчөдү.
Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон тартып СССР убагында чектелип келген диний жана руханий боштукту толтуруу максатында диний жандануу пайда болгон. Бул процесстин көрсөткүчү катары мечиттердин курулушун жана медреселердин тездик менен ачылышын айтсак болот. Мисалы эгемендүүлүккө чейин, 1990-жылы мечиттердин жалпы саны Кыргызстанда болгону 39 болсо, бүгүнкү күндө намазканаларды кошо эсептегенде бул сан жүз эсеге өстү. Учурда Кыргызстанда ислам багытында 112 диний окуу жай, анын ичинде 10 жогорку диний окуу жай жана 102 медресе бар, бирок анын ичинен 8 медресенин жабылуусу боюнча документтер даярдалып жатат. Албетте, мечиттердин жана медреселердин санынын көбөйүшү менен бирге сапаттуу диний кызматкерлерге болгон талап да жогорулабай койгон жок. Натыйжада Куранга жана араб тилине болгон кызыгуунун артынан диний билимге кызыккан атуулдардын чет өлкөлөргө диний билим алуу максатында чыгып кетүүсү көбөйө баштаган.
Соңку жылдары чет өлкөлөргө диний билим алуу үчүн жөнөп жаткан жарандарыбыздын толук жана так санын эч бир тиешелүү мамлекеттик мекеме, же Кыргызстан Мусулмандар Диний Башкармалыгы (КМДБ) же башка бейөкмөт уюм дагы так билбейт. Себеби, чет өлкөлөргө диний билим алууга чыгып жаткандар милдеттүү түрдө макулдашуу керектиги мыйзамда каралганы менен, соңку он жылда чет өлкөлөрдөгү ислам билим берүү мекемелерине көп учурда макулдашуусу жок, көзөмөлсүз, өз алдынча туристтик виза жана жеке чакыруулар менен кеткендердин саны өсүп жаткандыгы өтө тынчсызданууну жаратууда. Алардын айрымдары Пакистан, Бангладеш сыяктуу өлкөлөрдө шектүү окуу жайларда билим алып, чет жактан экстремисттик уюмдардын ишине тартылып кетүү коркунучу бар. Ошондой эле Кыргызстанга келгенден кийин алардын идеологиясы менен саясатын жайылтуучуларына айланышы толук ыктымал.
Булан институтунун жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бул изилдөөсү Сауд Арабиясы, Египет, Түркия, Пакистан, Иордания ж.б. өлкөлөрдөгү диний окуу жайлар жана алардын өзгөчөлүктөрү, кыргызстандыктардын ал жактарда билим алышына байланыштуу суроолор, расмий статистика жана белгилүү диний ишмерлердин ой-пикирлери камтылат. Ошондой эле Кыргызстандагы белгилүү диний аалымдар, облустук казылар, муфтияттагы маанилүү кызматтагы адамдар жана Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү кайсы өлкөлөрдөн жана кайсы окуу жайлардан билим алышы анализ кылынат.
Булак: Булан институт КР
Сүрөттө: Египетте Аль-Азхар университетинде окуп аткан Акылбек Тагаев муфтият тарабынан ал өлкөдө окуган студенттердин координатору болуп дайындалган (Сүрөт өзүнүн уруксаты менен коюлду).