Кыргызстандагы диний билим берүү: медреселер чукул реформага муктаж

Булан институту Кыргызстанда ислам диний билим берүү мекемелериндеги абал, анын ичинде медреселердеги көйгөйлөр, окуу программалары, светтик билимди интеграциялоо маселеси, каржылык булактары тууралуу изилдөө баяндамасын жарыялайт.

Өлкөдөгү диний окуу жайлардын басымдуу бөлүгүн медреселер түзөт. Республика боюнча 102 медресе дин иштери боюнча комиссиянын каттоосунан өткөн болсо, учурда анын 78и иштеп атат.  Ошондуктан, баяндамада негизги басым медреселерге жасалып, медреселердеги абал, аларды каттоо жана көзөмөлдөө, окуу программалары, светтик сабактардын камтылбагандыгы, каражат тартыштыгынан окууга зарыл шарттар жетиштүү түзүлбөгөндүгү, устат окутуучулардын тартыштыгы өңдүү көйгөйлөрдү ачуу аракети көрүлдү.

Булан институту Кыргызстандагы ар кандай тармактан 50гө чукул адистерден интервью алды. Алардын ичинде медресе мүдүрлөрү, мурдагы министрлер, теологдор, Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиянын, Мусулмандар диний башкармалыгынын, Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери, ошондой эле көз карандысыз эксперттер бар. Баяндамага маалымат топтоп, даярдоого он эки журналист жана бул тармакты жакшы билген алты адис жардам берди. Баяндаманы институттун үч кызматкери жана эки консультант чогуу жазып чыкты.

Булак: Булан институт КР

Поделиться ссылкой: