Элмурат Кочкор уулу: Муфтийлик макамы жана жамааттык тирешүү

Узак убакыттан бери диний жаатта рационалдуулук, «диний маселелер баш болуп, бардык маселенин тизгинин акылдын башкаруусу менен гана чечүү керек» деген түшүнүк отурукташмайын дин иштериндеги маданиятыбыз жарытарлык алга жылбайт экенин айтып келем. Жөнөкөй тил менен айтканда Ханафий-Матуридий мазхабын толук кандуу кармануу бул мааниде маселени чечүүгө жетиштүү болмок.

Белгилүү болгондой, Абу Ханифа жана имам Матуридий диний маселерди талкуулоодо, тыянакка барууда акыл калчоого чоң мани берген. Жеке баамымда, салттуу Ислам катары ушул эки имамды ээрчигенибиз айтылган менен, алардын усулдук маңызына жетиштүү лоялдуу иш алып барып жаткандыгыбызды айтуу кыйын…

Коомдук ишмердүүлүктө көпчүлүктүн бир түшүнүктүн, максаттын айланасында чогулуп иш алып баруусу шарт. Бул үчүн жогорудагы принциптен башка, орток, бардык тарап макул боло турган пайдубал табуу мүмкүн эмес.

Жамааттык жаатташуу жарасы

Муфтийликке шайлоо жакындап келатат. Мусулман катары барыбыздын эле максатыбыз жакшы бир адис келип, алгылыктуу иш алып кетсе деп калдык сыңары.

Бирок бир Куранды жана сүннөттү карманган мусулмандардын арасында «Муфтийлик үчүн ким татыктуу?» деген суроонун жообу ар башка болуп турган кези…

Ачык айтыш керек, учурда ар кандай жамааттын, агымдын же түшүнүктүн айланасында чогулган  топтор өзүнө караштуу талапкерди алга сүрөп жаткан учуру. Жеке баамымда, кандайдыр бир жамаат тарабынан алга сүрөлүп жаткан талапкерлердин дээрлик баары тиешелүү жамааттын кызыкчылыгын жамы мусулман катмарынын кызыкчылыгынан жогору коюп аттанып жаткандай. Мындай боло турган болсо, өлкөбүздөгү дин маданиятынын өнүгүшүнө муфтияттын да салымы тийип калышынан үмүттөнүү натыйжа бербейт. Анткени, келген киши тандалма мусулмандар үчүн иштеп берүүгө бел байлагандай эле, калган тараптын өкүлдөрүн кыжырдантып, кастыгын ашырып алышы турган кеп.

Мунун өрнөгүн учурдагы абалдан көрдүк десек болот. Соңку муфтийбиз айтылуу Таблик жамаатынын мүчөсү экендиги, дээрлик, маалым. Бул кишинин дүйнө көз карашы, диний түшүнүгү Таблик жамаатынын аң-сезимдик сызыгына карап калыптангандыгын байкоого болот. Бул деген сөз, бул кишилердин белгилүү диний маселелерди эркин ой жүгүртүү менен, акыл-эстин жол башчылыгында талкуулай албайт деген мааниге келет. Мисалга, соңку муфтий өлкөбүздөгү жалпы мусулмандарын кызыктырган бир темада тийиштүү жамааттын принциптерине каршы келген чечимди кабыл алышка туура келип калса, эрктүүлүк көрсөтө алат беле?

Мисал катары, Таблик жамаатынын ишмердүүлүгүнө чек коюу керектиги муктаждыгы туюлса, жамааттын эмес жалпы мусулмандардын муфтийи катары чыгып бул кадамды колдой алат беле?

Жамааттык өкүлчүлүктүн кызматка келишинин терс таасирлерине мисал катарында, соңку муфтий кызматка келген соң Таблик жамаатынын ишмердүүлүгүнүн өлкөдө бир топ жанданганын, муфтияттын курамында табликчилердин көбөйгөнүн, кээ бир ишенимдик мүчүлүштүктөр да кетириле баштагандыгы да маалым болуп эле калды окшойт.

Мындан сырткары, мисалга Таблик жамаатына тиешелүү кишинин муфтийлик орунда отуруусуна Фетхуллах Гүленди жактаган же салафийликти тутунган топтун ичи чыкпашы мүмкүн. Мындай учурда пикири келишпеген тараптар орток иш-чараларды натыйжалуу алып барып, дин маданиятын өнүктүрүүгө салып кошууга жигердүү катышмак турсун, кылына турган иштерге бут тосуп, акырындап кастыгын деле көрсөтө башташы ыктымалдан узак эмес. Кудум ушундай эле өңүттө, мисалы Гүленчилерден бирөө муфтий болуп келип калса, Гүлендин дүйнө таанымынан сыртка чыга албай калышын, алардын ишмердүүлүгүнө калган жамааттын же агымдын өкүлдөрү бут тосоорун, алардын муфтийликтеги күчүн азайтуунун дартына түшөөрүн күтпөй коюуга болбойт, тилекке каршы. Мунун мисалын муфтиятка байланышкан соңку окуяларда көрдүк. Учурда жамааттар аралык тирешүү жүрүп жатат деп эсептейм…

Өкүнүчтүүсү жамааттык аң-сезимге малынган талапкерлерден Муфтийлик кызматка ким келбесин, жогорудагы куру айлампанын айлана беришинде деп ойлойм. Өзгөчө ал жердеги акчалай кызыкчылыктардын болуусу айтылуу чыңалууну ого бетер арттыра берери да турган кеп.

Жамааттык диндарлыктын кемчиликтеринен бири – жамаатка тиешелүү кишилердин тийиштүү жамааттын лидеринин аң-сезиминен жогору көтөрүлө албай калуусунда.

Тилекке каршы, жамаатташуу жамааттын лидеринин китептерин окуу, ал кишиге окшоп ойлонуу менен чектелип калат. Анткени, (бул дагы жамааттык диндарлыктын орток өзгөчөлүгү) бардык исламий жамаат «Исламды эң туура түшүнгөн тарап биз гана! Андыктан, биз уруксат берген түшүнүктөрдөн сыртка чыгып кетпегиле, динден чыгып калышыңар мүмкүн» деген түшүнүктү сиңиришет. Бул болсо, жамааттын мүчөлөрү тарабынан тийиштүү жамааттын диний түшүнүгүн «Ислам» катары кабылдап алууга түрткү болот. Натыйжада, жамааттын (нукура Исламдын эмес) кандайдыр бир ката-кемчиликтеринен сөз кылынып калса аны дароо Ислам динине сөз тийгизүү, тил узатуу, каралоо катары кабыл алынат. Эч кандай акыл-эстүүлүккө, анализдөөгө, күңгөй-тескейин толеранттуулук менен карап чыгып пикир билдирүүгө негизделбеген, сезимталдыкка, агрессияга таянган диний талкуулар ушундан башталат. Жеке баамымда, жамаатташуу же жамаатташтыруунун тереңинде жаткан, улуттар аралык мааниге ээ болгон саясий максат деле дал ушул го чиркин…

Эми ойлонуп көрөлү, жамааттык негиздеги мусулманчылыктагы алака-катыштардын тагдыры, дээрлик, ушундай болуп жатса, белгилүү бир жамааттын өкүлүн өлкөдөгү бүткүл мусулмандардын муфтийи катары тандап алуу туура болобу? Сүрдү-сүрдү болуп бир жамааттын өкүлү муфтий болуп келсе, Кыргызстан мусулмандарынын келечеги тууралуу чечимдерди чет жакада отурган лидердин ымдаганына карап алып отурса кандай күнгө калабыз? Же мусулман маданиятын өстүрүү тууралуу сунуш билдирип барган учурда, сунуш-пикирлерибизди (шартка жараша) оболу Кандахлавинин, Гүлендин же салафийликтин элегинен өткөрүп анан баалап калса кантебиз?

Биздин өлкө жамаатташуунун, жаатташуунун катаал залалдарын али көрө элек деп ойлойм…

Кудай анын бетин ары кылсын дейли. Бирок жаман айтпай жакшы жок дегендей, кеч болсо да азыртадан бир гана муфтияттын айланасындагы эмес, бүтүндөй диний сфераларда «рационалдуулукту» жогорку баалуулук катары калыптандыруу аракети көрүлүшү керек. Антпесе, диний лидер катары көрүлгөн бир киши аркылуу миңдеген кишинин, алтургай акылга, логикага каршы келген кадамдарга да барууга даяр болуп калышы мамлекет үчүн, элдин бейпилдиги үчүн олуттуу коркунуч туудурушу турган кеп…

Андыктан кандайдыр бир агымдын, жамааттын өкүлүн эмес, эркин, рационалдуу ой жүгүрткөн, иш алып барууда рационалдуу пикирлерди эң жогорку орунга койгон киши жана кишилерди муфтияттын командасына тандап алуу зарыл. Бул үчүн, тийиштүү талапкерлердин билимине, тажрыйбасына, өзгөчө аналитикалык ой жүгүртөбилүүсүнө жана план-программасынын реалдуулугуна кылдат көз салып, жеке акыл калчоонун натыйжасында тандап алуу эң туурасы болчудай.

Элмурат Кочкор Уулу, теолог

Автор жөнүндө: 1989- жылы 15- ноябрда Өзгөн районунун Шоро- Башат айылында туулган. 2007-2012- ж.ж. Ош Мамлекеттик университетинин Теология факультеттинде окуган, аны кызыл диплом менен аяктап, ошол эле жылы Анкара университетинин Теология факультетинде Дин Философиясы жаатында магистратурада окуй баштаган. 2014- жылы магистратуралык окуусун бүтүргөн соң Кайсери шаарындагы Эржийес университетинде ошол эле багыт болюнча докторантуралык окуусун уланта баштаган. Учурда Эржийес университетинде докторант.

Поделиться ссылкой: