КР мыйзамынын ушул долбоору 2021-жылдын 5-майында күчүнө кирген Конституциясынын жаңы редакциясына, эл аралык укуктун ченемдерине ылайык келтирүү, ошондой эле инвентаризациялоонун жүрүшүндө аныкталган «Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө» иштеп жаткан мыйзамында орун алган кенемтелердин, карама-каршылыктардын жана коллизиялардын ордун толтуру максатында иштелип чыккан.
Мыйзамдын долбоорунун негизги милдеттери болуп экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктоо жана белгилөө, экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүүнүн субъекттеринин өз ара аракеттешүүсүн өркүндөтүү саналат.
Коркунучтардын глобалдуулугу жана трансчек аралык мүнөзү көптөгөн мамлекеттерди экстремисттик маанайдагы көрүнүштөрдү болтурбоого багытталган чараларды өркүндөтүүгө өлкөнүн ичинде кандай болсо, бүткүл дүйнөдө дагы ошондой эле кам көрүүгө мажбурлайт.
Азыркы учурда, саясий, экономикалык, криминалдык, өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугуна коркунуч туудурган, конституциялык түзүлүштүн негиздерин бузууга чейинки башка кызыкчылыктарды жана максаттарды көздөгөн деструктивдүү жана экстремисттик уюмдардын ишмердиги байкалууда. Диний уюмдардын жана айрым жарандардын деструктивдүү ишмердиги кайрымдуулук, билим берүүчүлүк же башка социалдык маанидеги акцияларга жамынып алуу менен жүзөгө ашырылат жана айрым жарандардын, коомдун жана бүтүндөй мамлекеттин жашоо-тиричилигине коркунуч туудурса да, белгилүү этапта экстремизмдин жана зомбулуктун белгилерин көрсөтпөйт.
“Интернет” тармагын кошкондо, маалыматтык-телекоммуникациялык тармактар экстремисттик уюмдар үчүн негизги байланыш каражатына айланды, алар аны өз катарына жаңы мүчөлөрдү тартуу, экстремисттик багыттагы кылмыштарды уюштуруу жана жасоо, экстремисттик идеологияны жайылтуу үчүн колдонушат.
Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн зомбулуктуу аракеттердин алгылыктуулугун камтыган экстремисттик идеология анын пропагандасынын масштабынын көбөйтүүдө мамлекеттик жана коомдук коопсуздукка реалдуу коркунучту алып жүрөт.
Жашы жете электерди экстремисттик уюмдардын катарына тартуу учурлары көбөйдү, анткени алар идеологиялык жана психологиялык таасирге оңой эле моюн сунбастан, белгилүү бир жагдайларда кылмыш жоопкерчилигине дагы тартылбайт. Көптөгөн экстремисттик уюмдар өз катарына жаңы мүчөлөрдү тартуу, КР аймактык бүтүндүгүнө коркунуч туудурган улуттар аралык (этностор аралык) жана конфессиялар аралык жаңжалдарды козутуу жана курчутуу үчүн диний факторду колдонушат.
Теологиялык борборлордо билим алган жана радикалдуу диний агымдардын өзгөчөлүгүн жана аларды жайылтуунун зомбулуктуу ыкмаларын үгүттөгөн адамдардын башка мамлекеттерден кирип келиши олуттуу тынчсызданууну жаратат.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында экстремисттик уюмдардын ишмердигинен келип чыгуучу, анын ичинде эл аралык маанидеги заманбап чакырыктарды жана коркунучтарды эске алуу менен экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү зарылчылыгы келип чыкты.
Акыркы убакта, дүйнөдө жана биздин республикада мамлекеттин улуттук коопсуздугуна баа берүүгө олуттуу таасирин тийгизген, эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын ишмердигинен келип чыккан жаңы чакырыктар жана коркунучтар менен байланышкан окуялар орун алды.
Жогоруда көрсөтүлгөндөргө байланыштуу “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” КР Мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгуу зарылчылыгы келип чыкты.
Мыйзамдын долбоорун иштеп чыгууда Россиянын, Казакстандын, Украинанын, Беларусиянын экстремизмге каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдары, КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын 32-пленардык отурумунда кабыл алынган 2009-жылдын 14-майындагы “Экстремизмге каршы аракеттенүү жөнүндө” моделдик мыйзам, Шанхай кызматташтык уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясы жана КР катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдер эске алынды.
Долбоордун сунушталып жаткан редакциясында төмөндөгүдөй жаңы түшүнүктөр киргизилген: ШКУнун Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясынын негизи катары алынган экстремизм, экстремисттик уюм жана экстремизмди алдын алуу.
Мамлекеттик органдардын экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүүдөгү негизги субъекттери жана компетенциялары аныкталды.
Экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катарында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары аныкталды.
Долбоордо, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттешүүсүн натыйжалуу уюштуруу жана ишмердигин андан ары өркүндөтүү максатында КР Министрлер Кабинетинин алдында экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү болжолдонууда.
Экстремисттик ишмердикти алдын алуу, атап айтканда, экстремисттик материалдардын жайылышына, ошондой эле экстремизм идеологиясын жайылтуу максатында электр байланыш тармактарын жана каражаттарын колдонууга жол бербөө, экстремисттик мүнөздөгү материалдардын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу тарап кетүүсүнө жол бербөө жана жеке адамдар, коомдук же диний бирикмелер же уюмдар тарабынан экстремисттик идеологиянын жайылышына жол бербөөнү алдын алуу боюнча жаңы механизмдер иштелип чыкты.
Маалыматтык материалдарды экстремисттик деп таануунун тартиби, ошондой эле коомдук же диний бирикмени же болбосо уюмду экстремисттик деп таануунун тартиби аныкталды.
Экстремисттик материалдарды жайылткандыгы жана (же) экстремисттик ишмердикти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жоопкерчилиги каралды.
Мындан тышкары, долбоордун бардык жоболору жазык-укуктук блоктогу кодекстердин жаңы редакцияларына, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясына ылайык келтирилди.
Жогорудагы саналып өткөн уюштуруучулук мүнөздөгү ченемдер өз жыйындысында КР экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүүнүн натыйжалуу мамлекеттик системасын түзүү жана анын иштеши үчүн бекем укуктук негизди түзөт.
Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.
Сунушталган мыйзамдын долбоору ишкердик ишмердикти жөнгө салууга багытталбагандыктан, регулятивдик таасир этүү талдоосун талап кылбайт.
Жогоруда көрсөтүлгөн долбоор боюнча сын-пикирлер жана сунуштар төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Фрунзе көч. 469, mvd.gob.kg, aktanov98@inbox.ru, Осмонов С.А., тел.: +996 312 266 013.
Маалымат булагы: КР Министрлер Кабинети