2018-2021-жылдар аралыгында Сирия менен Ирактагы конфликттик аймактардан аргасыздан
ички жер которгондор жана качкындар үчүн түзүлгөн лагерлерде жаткан жарандардын
Кыргызстандагы жакындары, аларды кайтарып келүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен Кыргыз
Республикасынын расмий органдарына бир нече жолу кайрылышкан. [1]
Бул жылдар аралыгында кыргыз медиасында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү конфликттер
тууралуу журналистикалык көптөгөн материалдар жарыяланган. КР УКМКнын маалыматы
боюнча, 2018-жылдан тартып, 2020-жылга чейин Сириянын согуштук аракеттер жүргөн
аймактарында 850 кыргызстандык чыгып кеткен жана алардын 150сү ошол жакта каза болгон.
Сирияда кармалгандардын арасында дагы 140 аял бар экени белгиленет. [2]
Казакстан («Жусан» операциясы) менен Өзбекстандын («Мехр» операциясы) [3] маалымат
каражаттары жарандарын кайтарып келгенден кийин ал операциялардын чоо-жайын [4] дароо
чагылдыра башташса, Тажикстан [5] менен Кыргызстандын («Мээрим» операциясы), [6]
медиалары бул боюнча маалыматтарды чектеп берип жатышты.
Конфликт болгон аймактардан жана ички жер которгондор менен качкындар үчүн деп салынган
лагерлерден адамдардын кайтып келүү темасы кыргыз коомчулугунда эки ача пикир жаратты.
Мисалы, Сирия менен Иракта калгандардын жакындарын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү
жана айрым жарандар колдоп, жаңжал болгон аймактардан алардын балдары менен аялдарын
кайтарып келүү керек деген маселени жактап чыгышса, башкалары буга караманча каршы
болушуп, ал репатрианттар социалдык реабилитациядан толугу менен өтө аларынан жана
коомго коркунуч туудурбай турганынан күмөн санашты. [7]