Кыргызстандагы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын негиздери

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы дин жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана аны жүзөөгө ашыруу боюнча иш жүргүзгөн жана башка мамлекеттик органдарынын дин жаатындагы ишмердүүлүгүн координациялаган борбордук органы болуп саналат. Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 3 миң ашык диний уюмдар катталган. Бул тизмеге мыйзамга ылайык мечиттер, медреселер, диний окуу жайлары, чиркөөлөр, намазканалар, синагогалар, храмдар кирет.

https://youtu.be/RfoHQyRFnDo

2017-жылы “Кыргызстандагы конфессиялар аралык диалогдун  азыркы абалы жана өнүгүүсү” аттуу  диндер аралык форумдар, республикалык конференцияөткөрүлүп, натыйжасы катары бардык диний уюмдардын лидерлеринен турган “Диндер аралык кеңеш” түзүлдү. Бүгүнкү күндө Диндер аралык кенеш өзүнүн натыйжалуу ишмердүүлүгүн көрсөтүп жатат.

Жыл сайын бардык облустарда мамлекеттин светтик принцибин өркүндөтүү, Кыргызстандын коомчулугунун диний сабаттуулугун жана толеранттуулугун жогорулатуу, арасында диний сабырсыздыкты жана радикализмди жайылтуунун алдын алуу боюнча иш-чаралары өткөрүлүп жатат.

Кошумча маалымат катары, Кыргызстанда 20 ашык деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Алардын тизмеси расмий түрдө КР Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын сайтында жарыяланган.

Текст: КР Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясы

Поделиться ссылкой: