Экстремизмге байланыштуу үч жагдай жөнүндө

Коопсуздукту сактоодо кандай иш-чара көрүш керек. Ар бир өлкөнүн эң приоритеттүү максаты өлкөнүн коопсуздугун сактоо жана бейкутчулугу менен тынчтыгы болуп эсептелет.Коопсуздук маселеси мамлекеттин кызыкчылыктары менен тыгыз байланышкан. Анын ичинде Кыргыз Республикасы да коопсуздук маселесин эң орчундуу жана өзгөчө маанилүү аспект катары санайт.

Кыргызстандын бүгүнкүдөй ачык жана демократиялуу коомго жетүүсү оңойго турган жок. Эркиндик, тынчтык үчүн канчалаган аракетти көрүп келдик. Ал аракеттер мамлекет тарабынан гана болбостон, Өкмөттүк эмес уюмдар, активдүү жарандарыбыз жана эл аралык кызматташтык аркылуу жалпы максатты көздөп келе жатабыз.

Мына ошол жалпы максаттарга жетүүдө «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» өкмөттүк эмес уюмунун да салмактуу салымы бар. Бул долбооруңуздар аркылуу Борбордук-Азия лидерлеринин экстремизмди азайтуу, ага каршы туруудагы диалогунун аянтчасын түптөп жалпыбызды чогултуп жатканыңыздарды абдан маанилүү жана чоң иш деп баалап кетет элем.

Бул аянтча аркылуу экстремизмге каршы туруудагы ички мамлекеттик жана 5 Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык консультациялык жумушчу тобу экстремизге каршы туруудагы негизги пикир-алышуу, маанилүү сунуш-берүү менен коомубузга өз салымыңыздарды кошуп келүүдөсүздөр.

Албетте өз кезегинде, бул долбоордун башында туруп колдоого алган Америка Кошмо Штаттарынын Тынчтык институтуна Жогорку Кеңеш — Кыргыз Парламентинин атынан, анын Эл аралык байланыштар, коргоо жана коопсуздук Комитетинин атынан терең ыраазычылык билдирип кетемин. Сиздердин бул багыттагы салымыңыздар биз үчүн абдан маанилүү!

Кыргызстанда көптөгөн элдер экстремизм деп зомбулук уюштуруучу топко кошулган жеке тараптарды, зомбулук уюштурууга мүмкүн болгон адамдарды эсептейбиз. Бирок жалпыбыз айтып келгендей, экстремизм жана радикалдашуу дегенде консервативдик же саясий Исламды түшүнөбүз. Радикалдашуунун негизинде экстремизмге, андан ары терроризмге жетелеп жаткандыгын тана албайбыз.

Бүгүнкү күндө мекенибизде ири коомдук-саясий жана экономикалык маанилүү өзгөрүүлөр болууда. Анын экстремизмге байланышы бар 3 жагдай тууралуу токтолуп кетейин.

  • Биринчиси, алдынкы технологиялардын өсүшү, аны экстремисттик максатта колдонуусу.
  • Экинчиси жаштар. Жаштарыбыздын радикалдуу көз карашынын пайда болушу, экстремисттик идеяларга азгырылышы жана
  • Үчүнчүсү агартуучулук-билим берүү жаатындагы жагдайларга өзгөчө басым жасап айтып кетейин.

Интернет аркылуу диндин жакшы жактары менен катар эл ар кандай деструктивдүү маалыматтарга да сугарылып жатышат. 

Экстремисттер жаштарды азгыруунун бардык айла-амалын издеп, социалдык тармактарды колдонууда. Бул үчүн мамлекет, жарандык коом жана эксперттер ушул жагына көңүл буруп, каршы турууга аракет жасашы зарыл. Ошол эле интернеттен жаштар маалыматтын ак-карасын ылгай биле тургандай шарт түзүп, позитивдүү контент сунуш кылышы керек. Себеби чет өлкөгө азыгырылып кеткендердин 80% интернет-имамдардын азгырыгына туш болгондор болуп чыгууда

Экинчиден, Кыргызстан эле эмес, Борбор Азия үчүн биринчи орунда турган негизги жалпы проблемабыз бар. Ал – окуу жайды бүткөн жаштар жумуш таба албай жатканы. Ага эле удаа көйгөй –жаштарыбыз чет мамлекеттерге кетип калуусунда. Аларга дем берип, өлкөдө кармап калуу жана ошого жараша шарт түзүп берүү зарылчылыгы аябай орчундуу болуп турат.

Үчүнчүдөн жаштардын диний сабатсыздыгын жоюу да негизги мааниге ээ болуп саналат. Билим аркылуу, ар бир адам өзүнү коргой алат. Андыктан, албетте, кооптонуу сыяктуу иммунитет болушу керек. Аны үчүн мамлекетибиз ар кандай программаларды ишке ашырып, диний сабаттуулукту жогорулатуу аракетин көрүүдө. Анын максаты жаштарыбызды канчалык сабаттуулука үндөө менен, бекем иммунитетти жаратуусуна көмөк болмокчу.

Коопсуздукту сактоо, экстремизмге каршы туруу бул жалгыз гана Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин же Ички иштер министрлигинин гана эмес, бардык бийлик өкүлдөрүнүн, анын ичинде Парламенттин да милдети. Болгону ар бири өздөрүнө тиешелүү милдеттерине жараша бул багыттагы иштерди так аткаруусунда жатат.

Бийлик өкүлдөрүнөн тышкары бул багытта иштеп жаткан эл аралык жана бейөкмөт уюмдар, жарандык активисттер менен тыгыз иштешүү жалпы максатыбыз болуп саналат. Коопсуздук маселесинде чет өлкөлүк кызматашууну конструктивдүү алып баруу да биздин негизги милдетибиз.

Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү регионалдык коопсуздукту сактоодо ар бирибиз комплекстүү үзгүлтүксүз иш алып баруу чоң жоопкерчилигибиз болуп эсептелет.

Абдывахап Нурбаев, КР Жогорку Кенешинин депутаты

Поделиться ссылкой: