Медресеге светтик сабак, мектепке дин сабагы керекпи?

Өлкөбүздөгү диний билим берүүнүн абалы коопсуздук маселесине айланып калды деген көз карашты толугу менен четке кагуу кыйын. Себеби айрым саясий жана радикалдуу идеологиялар диний билим берүү аркылуу жайылууда. Диний билим берүүдөгү башаламандыкты радикал топтор кең кесири колдонууда. Бирок дин жөнүндө элге маалымат берип жаткан уюмдарды, анын ичинде медреселерди реформалоодон мурда ойлонушубуз зарыл. Андыктан радикалдашуунун алдын алат деп светтик сабактарды медреселерге, ал эми дин сабагын мектептерге киргизүү канчалык негизге ээ деп ойлоно турган убакыт келди.

Мектептен медресеге качкан балдар

Жумушсуздук, коррупция, адилетсиздик, билимсиздик сыяктуу коомдогу социалдык, экономикалык жана саясий көйгөйлөр жарандарды динге түртүүдө. Динчилдиктин деңгээли өсүп эле тим болбостон, дин коомдогу эң негизги институтка айланууда. Акырындап дин саясаттын, экономиканын, үй-бүлөнүн ордун басууда.

Манас университетиндеги изилдөөнүн жыйынтыгында кыргыз эли биринчи кезекте диний уюмдарга ишенээри белгилүү болгон. Ал эми Ислам изилдөө илимий институтунун быйылкы сурамжылоосунда жаштардын 33 пайызы Кыргызстандын шариат менен башкарылган мамлекет болуусун каалашарын жашырышкан эмес (32% “шариатты каалабайм”, 33% “жооп бере албайм” деген).  Демек диний уюмдарга, анын ичинде медреселерге болгон талапты туура анализдеп, тийиштүү чечимдерди кабыл алуу керек.

Дарвинизмден «корккондугу» үчүн балдарын мектепке эмес медресеге жиберген ата-энелер көп, бирок медреселерге болгон талаптын өсүүсү жана медреселердин санынын көбөйүүсү светтик/секулярдык билим берүү мекемелеринин «пайдасыздыгынан» болууда. Мектептен качкан ата-энелер жана алардын балдары мектепте балдарга исламий баалуулуктарга ылайык тарбия берилбегенине жана мектепте окуган убакыттын текке кетээрине ишенишет. Андыктан коомдон обочолонуп, мамлекетке таарынган динчилдердин акыркы бараар жери болгон диний уюмдарга чектөө киргизээрден мурда светтик билим берүү мекемелеринин абалын жакшыртуубуз жана светтик билимдин пайдалуулугун камсыз кылуубуз абзел. Буга кошумча айта кетчү нерсе Кыргызстанда көптөгөн медреселер интернаттын ролун аткарууда. Жетим балдар-кыздар, колунда жок үй-бүлөлөрдүн, ошондой эле оокат издеп талаалап кеткен мигранттардын балдары медреселерде баш калкалоодо.

Диний билим берүү медреселер менен эле чектелеби?

Медреселердин маселеси маанилүү, себеби алар келечекте элге динди үйрөтө турган жаштарды, диний жашообузга багыт көрсөтө турган молдолорду тарбиялап жатышат. Эл бул аккан суу эмеспи, кайда бурсаң ошол жака агат.

Бирок мамлекеттик органдардын жана айрым бейөкмөт уюмдардын медреселердеги абалды көтөрүп чыгышы жана медреселер тууралуу атайын иликтөөлөрдү  жүргүзүшү диний билим берүүдөгү маселелердин булагы жалгыз гана медреселер деген пикирдин калыптанышына шарт түздү. Медреселерди сөөмөй менен сайып көрсөтүү адатка айланды. Кыргызстанда диний билим берүү жалгыз эле медреселерде берилип жаткан жок да. Медреселерде 6 миңге жакын бала окуп жатса, калган жарандар дин жөнүндө кайдан маалымат алууда? Диний билим берген башка булактар дин жөнүндө туура маалымат берип жатышабы? – деген суроолордун үстүндө да ойлонушубуз абзел. Ошондуктан медресе менен катар диний маалымат таратып, жарандарыбыздын диний көз карашын калыптандырган бейрасмий булактардын радикалдашууга тийгизген таасири жөнүндө да ойлонушубуз керек. Кыргызстанда күмөндүү диний маалыматтарды айрым мечит имамдары, социалдык түйүндөрдүн активдүү колдонуучулары, «интернет имамдар», батирлерде сабак берген «кечки имамдар», динди кечээ үйрөнүп бүгүн эле аалым боло калган «чыгаан имамдар» таратып жатканын эстен чыгарбоо зарыл. Диний билим берүү делген нерсе аябай кеңири түшүнүк экенин, медреселер диний билим берүүнүн формалдуу жагы гана экенин унутпаш керек.

Медреселерди секулярдаштыруу аракети

Мамлекеттин диний билим берүүнү реформалоо аракети медреселерге светтик предметтерди киргизүү сунушу менен коштолууда. Диний билим берүү максатында ачылган медреселерге светтик мектептерде окутулган химия, география, физика сыяктуу сабактарды киргизүү аракетинин максатын түшүнүү кыйын болууда. Биринчиден светтик предметтер радикалдашуунун алдын алат деп айтуу да кыйын. Сирияга кеткен жаштардын баары жок дегенде 9 класска чейин окуганы, кээ бирлери жогорку билимге ээ экени маалым. Экинчиден, эгер светтик предметтер медреселерде окуутулса анда медреседе окуган балдардын мектепке баруусуна да кажет болбойт. Жыйынтыгында светтик мектептептер жаш муундан кол жууп, ансыз деле азайып бара жаткан абройун анда да көбүрөөк жоготот. Үчүнчүдөн, медреселерге светтик предметтерди киргизүү медреселердин максатына да карама-каршы келет. Диндий үйрөтүү максатында ачылган жеке менчик окуу жайы болуп эсептелген медреселерге светтик предметтерди да окутасың деп шарт койуу, аларга кошумча жүк жүктөө Башмыйзамга да туура келбейт.

Медреселерди реформалоо боюнча сунушубуз

Азыркы күндө медреселерге динди үйрөнүү, адеп-ахлактык тарбия алуу же болбосо молдо болуу максатын көздөгөн жаштар барууда. Ар түрдүү максатка ээ адамдарга бирдей билим берүү көбүнесе натыйжа бербейт эмеспи. Биз медреселерди диний курстарды уюштурган медреселер жана адистик билим берген медреселер деп бөлүүнү сунуштайбыз. Бош убактысында Куран жаттагысы келген, диний эрежелерди үйрөнүүнү каалаган жаш балдар диний курстардын кызматынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мындай диний курстарга балдар сабактан сырткаркы мезгилде барышкандыгы үчүн ал жерде светтик предметтерди окутуунун да кажети жок болот.

Ал эми молдо, азанчы, маселе-баян айтуучу же болбосо диний окуу жайлардын мугалими болгусу келген жаштар 9-классты аяктаган соң диний-кесиптик окуу жай статусундагы медреселерге тапшыра алышат. Кыргызстандагы башка кесиптик лицейлердей эле бул кесиптик медреселерде да 10 жана 11-класстарда окутулчу светтик предметтер окутулат. Болгону дин кызматкери болуу үчүн зарыл болгон диний сабактар кошо киргизилет. Мындай лицейледи бүтүргөн жаштарга берилчү аттестат жана сертификаттар теология факультеттерине, ислам университеттерине жана башка жогорку диний окуу жайларга тапшырууга мүмкүнчүлүгүк берет. Белгилүү бир кесиптин ээсин даярдоого багытталган окуу жайы болгондугу үчүн бул медреселерге мамлекет өзүнүн стандартташтырылган талаптарын койгонго укуктуу болот.

Акылды чанган диний түшүнүк

Мамлекеттин медрселерди лицензия алууга, окутуучуларын жана мүдүрлөрүн аттестациядан өтүүгө мажбурлап жатышынын себеби медреселерде берилип жаткан таалим тарбияга ичи чыкпай жаткандыгында болууда. Расмий түрдө Муфтиятка караштуу делсе да өлкөбүзөгү медреселер бири-бирине карама каршы келген идеологиялык агымдарга, алардын материалдык колдоосуна көз каранды экени белгилүү. Муфтият жетекчилиги бирдиктүү окуу программасын кабыл алганын айтса да, медреселер жамааттык негизде бири-биринен айырмаланып турат. Таблиги Жамаат уюмуна тиешелүү медреселер болгондой эле, гуленчилердин карамагындагы медреселер да бар. Керек болсо, мамлекет тарабынан жактырылбаган салафийлер да өлкөбүздүн айрым аймактарында өздөрүнүн медреселерине ээ. Демек медреселердин айланасындагы азыркы абал жалпы диний абалдын күзгүсү десек болот.

Медреселерди бүтүргөн жаштардын жалпы өзгөчөлүгү алардын «акыл жолдон адаштырат» деп акылды, ой жүгүртүүнү, пикир калчоону чануулары. Динди түшүнүү жана жеткирүүдө акылды колдонбостон, «динде бар нерсе бар, жок нерсе жок» деген көз карашты кармануулары. Философияга болгон душмандык күч алып, тарыхта мусулмандардын арасынан Фараби, Ибн Сина, Кинди сыяктуу философтордун чыкканына карабастан, Кыргызстандагы бир да медреседе азыркы учурда ислам философиясы деген сабак окутулбайт. Башкача айтканда мурда молдолорубуз динди түшүнүүдө жана чечмелөөдө акылды кодонуп («ахль ар-рай») келсе, эми акылды чанган көз караш («ахль аль-хадис») жайылууда. Керек болсо кээ бир молдолор диний илимдерди «исламий илимдер», так жана табият илимдерин «каапырдын илимдери» деп бөлүп кароодо.

Ошондуктан медреселерге светтик предметтерди киргизүү же болбосо аларга лицензия берүү аркылуу Кыргызстандагы медреселерди реформалоо аракеттери жыйынтык бербейт. Медреселердеги дин түшүнүгүн реформалоо зарыл. Медреселерде секулярдык билимге бут тоспогон, тескерисинче так жана социалдык илимдерге колдоо көрсөткөн диний билим (түшүнүк) берилиши зарыл. Кыргызстанда так жана табият илимдери менен жаңжалдашкан диний түшүнүк эмес, аны менен тең тайлашып коомдун өнүгүшүнө салым кошкон, керек болсо илимий изилдөөлөр аркылуу илимий ачылыштарды жасаган диний түшүнүк калыптанышы керек.

Медреселерде эскичиликти (фундаменталисттик көз карашты) карманган диний түшүнүктүн калыптанышына сыртан диний билим алып келген жаштардын таасири чоң болду. Чет өлкөдөн билим алып, кыргыз жергесине жат дин түшүнүгүн жайып жаткандарга Муфтият диний чөйрөнү өткөрүп берди. Алар болсо, элдин салттуу молодолорун жөөлөп салып эле тим болбостон, мамлекеттин жана коомдун негизин түзгөн принциптерди солкулдата баштады. Эми алардын колдорунда өздөрүнө окшогондорду ушул жерде туруп тарбиялоого шар түзгөн медреселери да бар. Демек Дин комиссиясы медреселердин мугалимдерин жана мүдүрлөрүн аттестациялоодо алардын жогорку диний билиминин бар же жогуна эмес, кайдан жана кандай диний билим алганына карашы керек. Мамлекет медреселерди диний билим берүүнүн ишенимдүү булагына кантип айлантсак болот? деген суроого жооп бериши абзел.

Буддизм радикалдашууну токтотобу?

Үч жылдан бери мамлекет тараптан мектептерге дин сабагын киргизүү аракети көрүлүүдө. Мектепке дин сабагын киргизүүнүн максаты радикализмдин алдын алуу экени эң жогорку деңгээлде айтылып келет. Алгач бул пикирди коомдук жана диний уюмдар кош колдоп колдоду. Мурда «Ыйман сабагы» делип кыргыздын өрп-адат, каада-салты окутулса, эми балдар исламды мектепте үйрөнүшөт турбай деген Муфтият да бул маселеде Дин комиссиясына толук колдоо көрсөттү. Бирок былтыры 10 мектепте пилоттук негизде киргизилген бул сабактын коомчулуктан жашырылган китебинин сүрөттөрү социалдык түйүндөргө тараары менен мусулман активисттер нааразычылыгын билдирип, китепте ислам жөнүндө туура эмес маалыматтар берилгенин айтып чыгышты. Дин таануучулук көз караш менен жазылган бул китепте христиандык жана буддизмдей эле ислам тууралуу да «алыстан» маалымат берилиши жана ислам дини Мухаммед пайгамбар тарабынан түптөлгөн дин дегендей маалыматтардын болушу коомчулуктун сынына кабылды.

Элдин 90 пайызы мусулман болгондон кийин мектепте да балдарга ислам дини тууралуу көбүрөөк окутулсун деген коомчулуктун каалоосуна карабастан быйыл да аталган сабак «Дин маданиятынын тарыхы» деген ат менен элүүдөн ашык мектепке кайрадан окутула баштады. Былтыркы 10 мектептеги пилоттук окутуу кандай натыйжа бергени жөнүндө Дин комиссиясы да, Билим берүү министрлиги да ооз ачкан жок.

Мектептерге диндер тууралуу сабакты киргизүү маселеси ушундай абалга кептелип турган чакта тактап алчу кээ бир суроолор пайда болууда. Эгер бул сабак жаштардын радикалдашуусунун алдын алуу максатында киргизилип жатса, анда дүйнө жүзүндөгү диндер тууралуу жалпы маалымат берүү бул максатка жетүүгө канчалык жардам берет? Башкача айтканда христиандык, буддизм сыяктуу диндерди үйрөнүү жаштардын радикалдуу топторго кошулуп кетүүсүнүн алдын алабы? Мусулман жаштар буддизмди билбегени үчүн эмес, исламды туура эмес түшүнгөндүгү үчүн радикалдашып жаткан жокпу?

Ошондуктан биздин оюбузча, азыркы жаштар ислам кандай дин экендиги жөнүндө, мусулмандар кандай динчил болушу керек экендиги жөнүндө так жана туура маалыматка муктаж. Ислам деп саясий долбоорлорду этектеген, ислам деп дин соодасына кирип кеткен, ислам деп башкалардын укуктарын жана эркиндиктерин тебелеп тепсеген жаштарыбыз болбосун десек, анда аларга биринчи кезекте исламды туура түшүндүрүшүбүз керек. Жаштар өзүнө окшобогондорго, башка улуттун, башка диндин, башка элдин өкүлдөрүнө кандай мамиле кылыш керек экенин, эмне үчүн ислам дини согушту эмес, илим-билимди буйрук кылганын үйрөнүшү абзел. Тарыхта ислам маданияты жана цивилизациясынын гүлдөп өсүшүнө түркөйлүк, караңгылык же душмандык эмес, диний жана светтик илимдерде айкалыштырган изденүү, исламий айкөлдүк жана талыкпас эмгек себепчи болгонун жаштарыбыз аңдап билиши керек.

Жыйынтыктап айтканда жумушсуздук, коррупция, адилетсиздик сыяктуу көйгөйлөрдөн качып динге жашынган жарандарыбызга ислам саясат эмес экенин, өч алуу эмес экенин, зордук-зомбулук эмес экенин, жооперчиликтен качып эскичиликке жашынуу эмес экенин түшүндүрүүбүз абзел. Бул максатка жетүүдө медресе системасын колдонууга мүмкүн болгондой эле, мектеп системасын да колдонууга болот. Мектептерде ислам тууралуу туура билим берүү светтүүлүккө эч кандай доо кетирбейт, тескерисинче светтүүлүккө каршы чабуул жасап жаткан диний-саясий идеологияларга каршы светтүүлүктү бекемдейт.

Маметбек Мырзабаев, PreventionKG

Иллюстративное фото

Поделиться ссылкой: